Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.12.2019 11:14

Түптө «Эӊ мыкты ата-эне» сынагы өттү (сүрөт)

Turmush -  Түп районуна караштуу Михайловка айылындагы Шевченко атындагы мектепте «Эӊ мыкты ата-эне» сынагы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектептин директору Назгүл Искакованын айтымында, сынакка окуучулардын ата-энелери, таене жана таяталары, чоӊ эне жана чоӊ аталары катышты.

«Сынакка жалпы 10 жуп катышып, алар макал-лакап, көркөм окуу, ыр жана бий боюнча таймашты. Биз мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата буга чейин бир катар кароо-сынактарды өткөрүп келгенбиз. Бул жолу жыйынтыктоочу иш-чара катары окуучулардын ата-энелери катышкан сынак уюштурдук. Иш-чара айылда көмүскө калган көптөгөн өнөрлүү адамдарды алып чыгуу, кыргыз тилин өнүктүрүү, макал-лакаптардын, накыл сөздөрдүн маанисин чечмелөө, тарбиялык иштерди жайылтуу максатын көздөдү. Сынакка жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, жеӊүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды», - деди Н.Искакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×