Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусуТалас району 03.12.2019 08:25

Айыл турмушу: Таластык уста Жамалбек Абдрахманов жасаган ээрлер Казакстанга чейин сатылат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 55 жаштагы тургуну Жамалбек Абдрахмановдун жасаган ээрлери Казакстанга чейин сатылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жыгач устачылык боюнча атайын билим алган.

«Атам Бүркүт Таластын күнгөй-тескейине белгилүү жыгач уста болгон. Атамдан көрүп, көп эмгектерди жараттым. Бирок терең билим алуу максатында Таластагы кесиптик окуу жайдан 3 жыл жыгач устачылык боюнча билим алып чыктым. Аскердик милдетимди 1984-жылы Германиядан өтөп келип, ошол жылдан тарта устачылык кылып келе жатам. Улуу балдарымдын дагы устачылык жайы бар.

Бүгүнкү күндө ээр жасоо менен алекмин. Улак чапкандарга орус ээр жасайм. Мурда нукура, салттуу кыргыз ээрди жасап жүргөм. Бирок эл орус ээрлер ыңгайлуу жана жеңил деп, буйрутмаларды бере башташты. 1 жумада 4-5 ээр жасап коём. Күндүз устаканадан бүтө турган жумуштарын жасап алам. Калган бөлүктөрүн үйдө отуруп алып тигип даярдайм. Ээрлер 2500 сомдон 5500-6000 сомго чейин сатылат. Кайыштан жасалгандар кымбат болот. Кайышты өзүм борбордон алып келем. Жасаган ээрлерим Таластан тарта Казакстанга чейин сатылат. Ээрлерди оңдоо иштерин дагы колго алам. Кесибим ушул болгондуктан устачылык менен киреше табам. Жыйым-терим убагында киреше жакшы болот. Айыл эли тиричилик буюмдарын жасатышат. 1 айда 25-30 миң сом табам», - деди ал.

Уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×