Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.11.2019 14:34

Караколдогу архитектурада «Бирдиктүү терезе» иштеп баштады

Turmush -  Ысык-Көл регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгында оптимизацияланган «Бирдиктүү терезе» ачылды, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Башкармалыктын башчысы Шергазы Жумашевдин айтымында, «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, оптимизациялоо максатында түзүлгөн курулуш чөйрөсүндө уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, курулуш тармагында жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталды. Ал Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин борборлоштурулган жаңы программасына (онлайн режим) туташтырылып, арыз кабыл алуу иштери белгиленген тартипте жүрөт. Ошондой эле шаардык тиешелүү мекемелер менен сурамжылоо каттарын жөнөтүү жана кабыл алуу электрондук почта форматында жүргүзүлөт. Кардарлар арыздарынын кыймылы тууралуу маалыматтарды алып туруу үчүн «Бирдиктүү терезеде» электрондук мониторлор орнотулуп жана онлайн режиминде интернет аркылуу байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Бул бөлүм өлкөдө жаңы санариптештирилген бешинчи «Бирдиктүү терезе» болуп ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×