Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.11.2019 14:01 На русском

Караколдо 1 млн сомго курулуп жаткан дааратканада кандай шарттар түзүлөт?

Turmush -  Каракол шаарындагы №4 Абит Ахматов атындагы мектеп-гимназиясында 1 млн сомго курулуп жаткан даараткана социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Урумовдун айтымында, даараткананын курулуш иши 3 айдан бери жүрүп, жумуштун 80 пайызы бүттү.

«Ажаткана курууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом каралган. Тендер жарыяланып, аны 920 миң сомго «Авангард Хаус» ЖЧКсы уткан. Ал жерде бардык шарттар болот. Экиден 4 раковина орнотулуп, ажаткана борбордук канализацияга кошулат. Мындан тышкары санитардык гигиеналык нормаларды сактоого шарт түзүлөт. Ошондой эле аристон коюлуп, ысык суусу болот. Ал эми баасы боюнча айтсам, ажатканын документтерин атайын адистер түзгөн. Мектеп өзү баасын аныктабайт. Буга чейинки ажаткана канализацияга кошулбай, сордурулуп алынчу», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×