Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.11.2019 11:56

Түп суусунун боюн бекемдөө боюнча иликтөө иштери башталды

Turmush -  Арал айыл аймагына караштуу Сары-Дөбө айылында Түп суусунун боюн мыйзамсыз бекемдеди деген айыл тургундардын нааразычылыгы боюнча комиссия иштеп баштады.

Район жетекчиси суунун боюн бекемдөө иретинде казылган каналдын иши токтотулуп, кайсы келишимдин негизинде жумуштар жүргөнү, кайсы каржы булак жумшалганы иликтенип, жергиликтүү жашоочуларга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

«Буга чейин Арал айыл өкмөтү комиссия түзүп берүү боюнча бизге кат менен кайрылган. Үч күндөн бери Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, архитектура, Мамлекеттик каттоонун кызматкерлери, жер адиси жана башка тиешелүү кызматкерлердин курамы менен комиссия түзүлүп, жеринде иштеп жатат. Корутундулар чыгып баштады, биз бул жыйынтыктарды райондук прокуратурага тапшырып беребиз», - деди Э.Жантаев.

Буга чейин айыл тургундары ӨКМдин кызматкерлери Арал айыл өкмөтүнө тиешелүү Сары-Дөбө айылынын жайыт жерин мыйзамсыз бузуп, Түп суусунун боюн бекемдөө максатында узуну 150 метр, туурасы 10 метр, тереңдиги 6-7 метр болгон чуңкур казышканын билдирип, нааразы болушкан.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, У.Кайрат аттуу тургундун Түп суусунун оң жээгинен орун алган турак үйү, чарбалык курулуштарына жана кашарына​ Түп суусу кирген мезгилде оң жээгинен эрозия жаралып, жээгин жеп, жакын калган. Аталган тилке ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, болжолдоо​ ​ департаменти тарабынан 2019-жылдын октябрь айында изилденип, суунун нугун буруу боюнча ​ корутунду чыгарылган. Корутундуда 300 метрге жакын суунун нугун буруу сунушталган.

«Түп районунда​ казуучу чоң техника жок болгондуктан суунун нугун буруу иштерин аткаруу үчүн иш кагаздар иштелип чыгып, сметасы 180​ 000 сомго түзүлүп, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тендерге койгон. Тендерди​ “Тегиз-Нур” ЖЧК​ утуп чыгып, субподрядчик катары ӨКМдин алдындагы ​ Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борбору менен келишим түзүлүп, экскаватор менен ​ суунун нугун буруу иштери 2019-жылдын​ 22-ноябрында башталган.

Кооптуу тилке ушул эле районго караштуу Арал айыл аймагы менен чектешкендиктен, Арал айыл аймагынын жайыт жерлери аркылуу өтүп, Арал айыл аймагынын жашоочулары жайыт тилкелери кыскарып жатат деген пикирлерин билдиришкен.

Суунун нугун буруу иштерин жүргүзүү алдында​ аталган айыл аймактардын башчылары тарабынан жергиликтүү жашоочулардын арасында түшүндүрүү болгон эмес. Мындан тышкары ​ ​ жайыт комитеттери менен суунун нугун буруу иштери тууралуу ич-ара макулдашышкан эмес. ​ Жергиликтүү жашоочулардын арасында туура эмес пикир жаралгандыгына байланыштуу жеринде жарандык коргонуу комиссия тактоо жүргүзүп, калк арасында түшүндүүрү иштерин жүргүзүштү. Арал айылдык аймагындагы Сары-Дөбө айылына таандык ​ казылып калган участокторду жарандык коргонуу комиссиясынын чечимине ылайык ​ көмүлдү. ӨКМдин алдындагы ​ Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борбору мамлекеттик ишкана болгондуктан, негизги милдети — ишкердик ишин жүргүзүү жана пайда алуу. Ошондуктан ишкана пайда көрүү максатында мыйзамга карама-каршы келбеген жумуштарын жүргүзүп келет.

Түп суусунун көлөмү жаз-жай мезгилдеринде чоңойгон учурларда нугун өзгөртөт. Мындан улам чек ара​ боюнча маселе 2014-жылы жаралып, Талды-Суу жана Арал айыл аймактарынын ошол кездеги жетекчиликтери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз ара такташып, акт түзүлгөн. Актыда кайсы айыл аймактан​ канча аянт жер тилкелери кыскарып, коңшу айыл аймакка өтүп кеткендиги аныкталган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×