Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.11.2019 10:45 На русском

Түптүн Михайловка айылында гендердик саясат талкууланды

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылында мектеп мугалимдери менен айылдык кеӊештин депутаттары гендерик саясат боюнча иш-чара өткөрүштү. Анда «Аялдар өзгөртүүнү алып келет» деген теманын алкагында аялдардын коомдогу орду, күнүмдүк турмуштагы терс көрүнүштөр сахналаштырылып көрсөтүлдү.

«Кыргызстандын лидер аялдары» уюмунун өкүлү Насипкүл Аманбаева 2020-2021-жылдары өтө турган шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттарынын 30 пайызы аялдар болушуна үгүт катары өткөрүлгөн иш-чара экенин билдирди. Ал эми айылдык кеӊештин депутаттары жаӊы мыйзамга макул экенин билдирип, айыл аймактын өнүгүшүнө аял же эркек дебей бирдиктүү аракет кылуу керектигин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×