Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.11.2019 09:05

Видео — Жети-Өгүздө «Тил достугу» фестивалы өттү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Тил достугу» фестивалы өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Бексултанова билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 28 жылдан бери уюштурулуп келет. Анда башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде ыр ырдап, улуттук бийлерди аткарышат.

«Бул ирет райондун 7 мектебинен келген ар улуттун балдары эне тилинде өнөрлөрүн тартуулашты. Активдүү катышкандарга райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×