Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.11.2019 19:01

Караколдо «Милициянын жаш досу» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Каракол шаарында мектеп окуучулары арасында «Милициянын жаш досу» сынагы өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда окуучулар 7 номинация боюнча күч сынашты. Балдар саптык даярдыгын көрсөтүп, дубал гезит чыгарып, «АК-74» куралын чачып, кайра чогултушту. Ошондой эле ар бир команданын мыкты көзгө атары террористти атып жок кылуу сынагынан өттү.

Иш-чара жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштарды эмгекке, чыгармачыл ой жүгүртүүгө чакыруу максатында уюштурулган. Соңунда 1-орунду №2 мектеби, 2-орунду №6 мектеп, 3-орунду №5 мектеп жана №3 мектеп-гимназиянын окуучулары ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×