Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 29.11.2019 18:00

Чолпон-Атада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берилди

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Акция «Замандаш-Назик» аялдар кыймылынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулуп, алар муктаж балдарга арнап жаңы бут кийимдерди, кийим-кечектерди алып келишти.

Уюштуруучулардын айтымында, акция 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүп, алар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык салтанат уюштурушту. Соңунда ар бир балага чогулган кийим-кечектерди жана бут кийимдерди беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×