Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 30.11.2019 08:45

Балыкчылык бийчилер Нур-Султанда өткөн сынактан байгелүү кайтышты

Turmush -  Балыкчы шаарынын «Жаш толкун» бий ансамбли Нур-Султан шаарында ɵткɵн VII эл аралык хореографиялык «Жылдыздуу бий» фестиваль-сынагына катышып, алдыңкы орундарды багындырып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын жыйынтыгында элдик бийлер боюнча жогорку тайпа «Кɵчмɵндɵр бийин» аткарышып, баш байгени алышса, ортоңку тайпа «Сыйкырдуу куш» бийи менен 2-орунга ээ болду.

Ал эми элдик стилдештирилген бий боюнча жогорку тайпа «Алтынчы күнү кечинде» бийи менен 1-орунду, ортоңку тайпа «Саадак какты» бийи менен 1-орунду багындырды.

Дуэт боюнча ортоңку тайпадан Саламатова Айбийке жана Тилебалдиева Ралия 1-орунду, жогорку тайпадан Канатова Салтанат жана Калыбекова Айдана 2-орунду ээлешти.

Жекече бий боюнча Амантурова Диана индия бийин бийлеп, 1-орунду, Бакытбекова Рахат «Ала-Арча» бийин аткарып, 1-орунду камсыздашты.

«Окуучулар фестивалдан байгелүү орундарды ээлеп, медаль, кубок жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Нур-Султан шаарынын кɵрүнүктүү жерлерине экскурсияда болушту», - дешти бий ансамблдин жетекчилери Саламат Мукамбетов жана Жылдыз Ишенбекова.

Фестивалга катышуу үчүн жергиликтүү бийлик 150 000 сом каражат бɵлүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×