Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.11.2019 17:11

Ильяс Иманбеков Каракол шаардык сотунун төрагасы болуп шайланды

Ильяс Иманбеков
Ильяс Иманбеков
// Фото пресс-службы Верховного суда

Turmush -  Иманбеков Ильяс Ринатович Каракол шаардык сотунун төрагасы болуп шайланды.

Маалым болгондой, ал КРнын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде 14-ноябрда Каракол шаардык сотунун судьяларынын ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен шайланды.

«КРнын сотторунун статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 24-беренесине ылайык соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×