Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.11.2019 16:14

Караколдо 1 млн сомго курулуп жаткан даараткана талкууга түштү. Видео

Turmush -  Каракол шаарындагы №4 Абит Ахматов атындагы мектеп-гимназиясында 1 млн сомго даараткана курулуп жатканы тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга түштү. Мындан улам тургундар жергиликтүү бийликтен даараткананын сметалык баасын көрсөтүүнү талап кылууда.

Шаар тургуну Мира Абдраимова курулушка өтө көп каражат жумшалып жатат деп эсептейт.

«Мындай даараткана курууга 300-400 миң сом гана кетет. Ошондуктан тендерге катышкандарды, анын сметалык баасын ачык көрсөтүүнү мэриядан өтүнүп жатабыз», - дейт ал.

Ушундай эле ойду шаар тургуну Алена Хоменко дагы билдирди.

«Бул маселени кылдат изилдөө керек. Мындай каражатка жылытуу системасы жана башка шарты менен даараткана курууга болот. Менин оюмча бул жөн гана акча өндүрүүнүн бир жолу», - дейт ал.

Ал эми шаар тургуну Камил Рузиев даараткана мектептин ичине курулушу керек болчу деп эсептейт.

«Кышкысын балдарга эшиктеги даараткана ыңгайсыздыкты жаратат. Гигиеналык, санитардык нормалар эске алынып, ал мектептин ичине курулушу керек эле. Мурда даараткананын курулушу тууралуу башка сумма айтылып жаткан. Азыр башка сумма болуп калды. Буга чейин 2 млн сомго А.Пушкин атындагы паркка да даараткана курабыз деп, ал иш өтпөй калган эле», - деди Камил Рузиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×