Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 29.11.2019 13:43

Түптө кулчулукка кабылган эки жигиттин оор турмушу чагылдырылды

Turmush -  Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Балбай айылында «Зомбулуксуз 16 күн» акциясынын алкагында «Үй-бүлөлүк зомбулукка жол жок» аттуу тегерек өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруу тобунун лидер айымы Гүлжан Асанова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара «Аялдар өзгөрүү алып келет» деген идеянын алдында өттү. Тегерек столдун негизин «Шайыр апалар» тобунун мүчөлөрү түзүп, активист аялдар, айылдык кеңештин депутаттары катышты.

Адегенде ала качуу темасына арналган «Жашы жете элек кыздын убалы кимге?» аттуу сценканы тургундар өздөрү аткарышып, андагы зордукка кабылган кыздын тагдыры, мүмкүнчүлүгү чектелген баланын төрөлүшү, кызды калыңга сатуу менен адамды сатуу жана башка зомбулукка тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле зордук-зомбулукту токтотуунун жолдору айтылып, сценкадагы окуялар жашоодон алынганын, кээ бир үй-бүлөлөрдө кайненеси келинине же келини кайненесине ыдык көрсөтүү фактылары бар экенин ачык айтышты.

Тегерек столдун катышуучуларына Сары-Булак айылынын тургундары Аскер Асанбеков менен Кадырбек Мусаев тартып, жергиликтүү тургундар ролдо ойногон «Ашуу» аттуу жарым сааттык документалдык тасма тартууланды. Бул тасмада Казакстанга жумуш издеп барышып, кулчулукка кабылган кыргыз жигиттеринин, тактап айтканда жердештердин турмушу документалдуу түрдө чагылдырылат.

Айылдагы режиссер Аскер Асанбеков бул кино жөнүндө өз оюн айтып жатып: «Мындан беш жыл мурда Сары-Булак ашуусунан Казакстандан кыргыз тарапка кулчулуктан 8 адам качышат. Ашуудагы суук, ачкалыктан эки адам жолдо калат. Эртеси экөөнүн бирин малчылар таап алышат. Дарыланып чыккандан кийин Султан шериги Бакыттын ашууда буту сынып калганын айтат. Биздикилер бороон басылгандан кийин издеп барып таппай келишет. Ошол дайынсыз жоголгон адамды казактар кайра таап кетишип, дагы эле кулчулукта жүрүп, жакында эле кайтып келди. «Ашуу» тасмасынын уландысын тартайын дейм, айылдан чыккан артисттер да, сценарий да даяр. Бирок каражат жок болуп жатат. Бул окуянын чындыгын Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты, мугалим Роза Шаймолдоева дагы далилдеди. Жогорудагы сценкада да, «Ашуу» тасмасында зордукка кабылган инсандардын турмушу, адам сатуу фактылары камтылган», - деди.

Тегерек столго «Аялдар өзгөрүү алып келет» долбоорунун координатору Насипа Амасбаева модераторлук кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×