Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.11.2019 12:55

Ысык-Көлдөн 53 адам Сириядагы согушка кеткен, арасында өспүрүмдөр да бар

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында диний экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы форум өтүп жатат, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, күч түзүмдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, диний өкүлдөр жана жашоочулар катышты. Анда облуста терроризм жана экстремизмге каршы жасалып жаткан иштер талкууланды.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 11 айында диний экстремизм багыты боюнча 36 факт катталган. Алардын ичинен 4 факт улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча болгон.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын негизинде 4 адам «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен баш тартты. Ошондой эле, «Йакын-Инкар» уюмунун 29 мүчөсү каттоодон чыгарылган», - деди Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев.

Форумда маалымдалгандай, 2015-жылдан тарта облустан 53 адам Түркия аркылуу Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга чыгып кеткен. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар.

Иш-чарада түрдүү диний агымдарга азгырылып, Сириядагы согушка кеткен жарандардын окуялары жаштар тарабынан театрлаштырылып көрсөтүлдү.

Форумдун жыйынтыгында жаштарга туура тарбия берүү, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү иштерине салым кошуп келген жарандарга ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×