Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.11.2019 10:38

Ысык-Көлдө окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежелерин сынак аркылуу үйрөнүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында «Балалыктын бактылуу жолу» аттуу иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктардын алдын алуу максатында облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында жол көзөмөлдөөчүлөр мектептерди кыдырып, окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат. Алар жол белгилерин колдонуу менен ар кандай викторина, сынактарды уюштуруп, аны менен катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындай сынак 28-ноябрда Ак-Суу районунун М.Мамакеев атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, ага окуучулар активдүү катышты. Түшүндүрүү иштери облустун аймагында 25-декабрга чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×