Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.11.2019 08:05

Балыкчыда окуучулардын топтошуп мушташуусун алдын алуу иши талкууланды

Turmush -  Балыкчы шаарында өспүрүмдөрдүн топтошуп мушташуусун алдын алуу иштерин күчөтүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери аларга бөлүнүп берилген төрт административдик тилкеде ата-энелер менен жолугушууларды уюштурушту. Шаардагы 10 мектепте ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, ага 1320 адам катышты. Анда балдардын тартип бузганы, топтошуп урушуусу, өспүрүмдөрдүн коомдо өзүн алып жүрүүсү сыяктуу маселелер каралып, ата-энелер тарабынан дагы өспүрүмдөргө карата көзөмөл күчөтүлүшү керектиги белгиленди.

Ошондой эле окуучуларга дагы өспүрүмдөрдүн топтошуп урушуусу, тартип бузуу жөнүндө түшүндүрүү жана профилактикалык иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары 8-11-класста окуган кыздар менен өзүнчө чогулуштар өткөрүлүп, «Кыздар болочоктогу эне» аттуу темада кыздардын коомдогу ролу талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×