Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.11.2019 17:32

Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысын шайлоо күнү белгиленди

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысын шайлоо 2-декабрга белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, айыл аймактын мурдагы башчысы Манас Алымов өз каалоосу менен иштен кеткен.

«Аталган айыл аймакта 21 депутат бар. Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы кызматына бир талапкер катталды. Ал — 1982-жылы туулган Шамырканов Мирбек Турдубекович. Шайлоо ушул жылдын 2-декабрында өткөрүлөт», - деп билдиришти райондук шайлоо комиссиясынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×