Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 28.11.2019 21:00

Чолпон-Атада ата-энесинен ажыраган балдарга концерт тартууланды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында К.Орозов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалимдери жана окуучулары «SOS-балдар айылы» фондундагы балдар үчүн концерт тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, концерт 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата уюштурулду. Анда балдарга ар түрдүү жанрдагы ырлар аткарылып, балдарга жагымдуу маанай тартууланды.

«SOS-балдар айылы» фонду ата-энесинен ажыраган балдарды үй-бүлөгө жакындаштырылган шарттарда тарбиялоого көмөк көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×