Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.11.2019 16:45

Түптө эки унаа кагышып, эки адам оор жаракат алды

Тюпский район
Тюпский район

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда май чыгаруучу заводдун жанында жол кырсык катталып, эки адам оор жаракат алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык Түп айылында 26-ноябрь күнү кечинде катталган. «ВАЗ» жана «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Балбай айылынын М.Ч. жана Н.у.А. аттуу тургундары жана Шаты айылынын Т.К. аттуу тургуну жабыркап, Түп райондук аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн. Оор жаракат алгандардын бири эс-учун жоготсо, биринин баш мээси чайкалган. 27-ноябрда М.Ч. жана Н.А. облустук бириккен ооруканасына которулган.

«Жол кырсыктан оор жаракат алган 2 жаран саат 11:30 чамасында Түп райондук ооруканадан которулду. Учурда экөөнүн абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Н.А. аттуу бейтапка операция жасалды, ал эми М.Ч. аппарат менен дем алууда», - деди башкы дарыгер Т.Маанаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×