Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.11.2019 14:20 На русском

Караколдогу мектепке 1 млн сомго даараткана курулуп жатат. Сүрөт

Turmush -  Каракол шаарындагы Абит Ахматов атындагы №4 мектеп-гимназиясына жаңы даараткана курулуп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, даараткананын курулушуна шаардык бюджеттен 1 млн сом бөлүнгөн.

«Мурунку даараткана 1991-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен жаңысын куруу чечими кабыл алынган. Жаңысын борбордук канализацияга туташтырып, кол жуугуч дагы орнотулат», - деп билдиришти мектептен.

№4 мектепте 700гө жакын окуучу билим алат.

Буга чейин Turmush басылмасы Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясына 217 миӊ 433 сомго даараткана курулганын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×