Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.11.2019 13:53

Караколдук К.Молокоева 5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан уулун издөөдө

Turmush -  Каракол шаарынын 70 жаштагы тургуну Күлүйпа Молокоева дайынсыз болуп жаткан уулун издеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Өзүнүн айтымында, анын 1973-жылы туулган уулу Станбек Молокоев 5 айдан бери дайынсыз болууда.

«Уулум үйдөн “мен иштейм” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылдым, издөө башталды», - дейт Күлүйпа Молокоева.

Ал С.Молокоевди көргөн-билгендер болсо 0773 35 7793 номуру аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Станбек Молокоев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×