Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.11.2019 13:05

Тоңдо кыз-келиндер арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда Тоң районунун Кара-Коо айылында Айбек Сагынбаев атындагы спорт комплексинде кыз-келиндер арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Кажы-Сай, Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б.Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Улахол жана Көк-Мойнок айыл өкмөттөрүндөгү айылдык ден соолук комитеттеринен кыз-келиндер катышып жатышат.

Мелдешти уюштурууга райондун акими 10 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×