Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.11.2019 10:12

Ысык-Көлдүн тескей жээгинде жол кырсык болду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жол кырсык Оттук айылынан өткөндөн кийин Кулун участогунун аймагында катталган.

«Бүгүн, 28-ноябрда таң атпай Балыкчы шаарына жумушка бара жатып, жол жээгинде кырсыкка кабылган «Ауди» үлгүсүндөгү унааны көрдүм. Токтоп карасам, ичинде киши жок экен. Кырсык түндө болгон окшойт», - деди ал.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×