Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.11.2019 18:14

Ак-Сууда улуу тилчи Кусеин Карасаев эскерилди

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында «Кусеин Карасаев — элдик академик» деген темада илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага илимпоздор, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана мугалимдер катышты. Анда академик, филология илимдеринин кандидаты, профессордун өмүр жолу жана эмгектери айтылды.

Кыргыз совет тилчиси Кусеин Карасаев 1901-жылдын 5-январында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн. 1946-жылдан тарта КПСС мүчѳсү болгон. Эски мектептен кат тааныган. Алгачкы билимди Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен алган. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун да бүтүргѳн.

1923-1925-жылдары Ташкент шаарындагы кыргыз агартуу институтунда окуп жүрүп, «Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы сандарын чыгарууга катышып, кабарчы да болгон. Орто Азия мамлекеттик университетинде кыргыз тилинен сабак берип, ошондой эле ВКП БКнын Орто Азия бюросунун котормочулар жана рецензенттер тобунун бюросуна мүчѳ болгон.

1951-1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген. Ал кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» деген туңгуч алиппени түзүүгө катышып, ѳзү да «Сабат ачкыч» алиппесин жазган. К.Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×