Саруу айыл аймагынын эли өкмөттүн өкүлүнө өз көйгөйлөрүн айтышты
Turmush - Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагынын тургундары иш сапары менен келген өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевге бир нече көйгөйлүү маселелер менен кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жыйынга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары катышты. Алар облус башчыдан Ысык-Көлдүн айланма жолу качан оңдолорун сурашып, элеттеги айымдардын ишин көтөрүүгө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан колдоо көрсөтүлөбү деген суроону узатышты.
Өз кезегинде А.Осмоналиев Ысык-Көлдүн айланма жолу келечекте оңдолорун айтты. Ага улай эле элеттеги айрым маселелерди элдик фонддун эсебинен чечүү керектигин айтты. Жыйында ошондой эле жаңы дайындалган айыл аймак башчысы бир катар пландарын ортого салды.
Соңунда өкмөттүн өкүлү жардамга муктаж Сталбек кызы Айдананын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүп, кир жуучу машина жана жууркандарды тапшырды.