Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.11.2019 17:13

Сүрөт — 6 жаштагы Аруужан «Күз сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү аталды

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын 6 жаштагы тургуну Аруужан Арыкпаева «Күз сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Апасы Гүлиза Муратбек кызынын айтымында, Аруужан «Келечек» бала бакчасына барат.

«Бала бакчадагы энелер мектеби уюштурган сынакка мени дагы катышып бергиле деп суранышты. Кызымдын максатын орундатуу үчүн сахнага чыктым. Өзүм мектепте ашпозчу болуп иштейм. Сынакка даярданып жатып бийлегенди үйрөндүк. Кызым шыктуу болгондуктан мага дагы бий үйрөттү. Ал сулуулук сынагында таажы кием деп жатып, максатына жетти», - деди апасы.

Үч бир туугандын ортончусу Аруужан келечекте дарыгер болсом деп кыялданат.

«Кызым бийге, ырга шыктуу. Пластилинден ар кандай жаныбарларды жасайт. Келечекте дарыгер болом деп кыялданат. Анын кыялын орундатып, билимдүү болуп өсүүсүнө аракет кылабыз», - деди Г.Муратбек кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×