Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.11.2019 16:24

Мушкер Адилет Нурматов Сингапурдагы дүйнө биринчилигинде коло медаль жеңди. Сүрөт

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну Адилет Нурматов Сингапурда өткөн ММА боюнча (аралаш мушташ) дүйнө биринчилигинде 3-орунду алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дүйнө биринчилигине 43 мамлекеттин спортчулары катышкан. Кыргызстандын атынан мелдешке Эсентуров Асылмырза, Эсенгулов Эдил, Нурматов Адилет жана Мингбоев Жавохир катышкан.

Адилет Нурматов 70,3 кг салмакта күч сынашып, 4 атаандашын жеңген. Ал алгачкы беттешин UFC уюмунда (аралаш уруш боюнча беттештерди уюштуруп келген дүйнөлүк уюм) мушташып жүргөн Леонардо Моралести (Никарагуа) уткан. Турнирдин алкагында Адилет Нурматов жаракат алып, анын кесепетинен жарым финалдык беттеште атаандашына жеңилип калган.

Биринчилик Дүйнөлүк ММА ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы турнир 18-23-ноябрь күндөрү өткөнүн жазган. Жарым финалда А.Нурматов индиялык спортчуга жеңилип калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×