Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.11.2019 13:21

Айылдагы жалгыз мал доктур айымдын ишиндеги кызыктуу окуялар. Видео

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын 49 жаштагы тургуну Максат Усупбаева 19 жылдан бери мал доктур болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык факультетинде билим алган.

«Эмгек жолумду вирусолог болуп иштөөдөн баштагам. Ал жакта 5 жылдай иштедим. 2000-жылдан бери Барскоон айылында мал доктур болуп иштеп келем. Айылда мал-жандыктын саны көп. Аларды жалгыз мен көзөмөлдөйм. Башка айылдардан чакыруу түшкөндө барып, диагноз коюп берем», - дейт Максат айым.

Ал эмне үчүн бул кесипти тандаганына токтолду.

«Бул кесип боюнча иштегениме көп адамдар таң калат. Себеби, мал доктур десе эле көбү эркек адамды элестетишет. Кичинекей чагымда кошунабыз мал доктур болуп иштечү, кийин анын көзү өтүп кетти. Ошол кишинин мал дарылап жатканын көрүп, кызыга берчүмүн. Өзүм дагы малга жакын чоңойгом, атка жакшы минчүмүн. Ошондуктан дагы бул кесипти тандадым деп ойлойм.

Жумуш чынында оор, себеби эртең менен кетип, түнгө жакын келген учурлар болот. Кээде алыс жайлоого барганда конуп калабыз. Андай учурда жолдошум мени менен барат. Ал дагы мага жардам берип жүрүп мал доктурлук кесипти практика жүзүндө жакшы билип калды», - дейт ал.

Мал доктур жумушундагы кызыктуу окуяларга токтолду.

«Атым Максат болгондуктан башка айылдан мени издеп келгендер Максат байкенин үйү кайсы деп сурашат же телефондон Максат байке деп кайрылышат. Чакырууларга мотоцикл айдап барып калсам, мени эркек деп ойлогондор болгон. Бир жолу айылда жылкы ооруп калыптыр. Мал ээси телефон чалып айтканда эле эмне диагноз экенин билип, «мен баргыча жылкыны даярдап кой, барганда дароо дары тамчылатма коём» дедим. Мен районго барып, отчет берип келе жаткам. Үйгө келип эле кийинип алып, ошол кишинин үйүнө жөнөдүм. Жолдо бара жатсам, «жылкыны жыгып, бутун байлап даярдап койдум» деп телефон чалды. Бир аздан соң үйүнө жеттим. Кирсем жылкыны жыгып коюптур. Жакшылап карасам алдыңкы эки бутунун тизесинен ылдый бөлүгүндөгү жүнүн кырып салыптыр. Анысы кызыл эт болуп көрүнүп калыптыр. Мен дагы чочуп кеттим. Эмне кылганын сурасам, «дары тамчылатма коём, даярдап кой дегениңизден, кан тамырын бат тапсын деп жүнүн кырып койдум» деди. Мен тамчылатма мал-жандыктын мойнуна коюларын айтсам, ал адамдардыкындай колуна коюлат деген ойдо жылкынын алдыңкы туягын тазалап салганын айтып көпкө күлгөн.

Учурда 2000-жылы туулган уулум менин жолумду жолдоп, мал доктур адистиги боюнча билим алып жатат. Кичинекейинен бери чогуу жүрүп, көп нерсени үйрөнгөн», - дейт Максат Усупбаева.

Анын 2 кызы, 2 уулу жана эки небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×