Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.11.2019 18:22

Тоңдо «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» темасы талкууланды

Turmush -  Тоң районунда «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» темасындагы экинчи конференцияга даярдануу максатында талкуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талкууга айыл өкмөт башчылары, жооптуу кызматкерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, фермерлер, ишкерлер, эксперттик топтор, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын ичинен максаттуу 10 топ жана фокус-топтор түзүлүп, кеңири талкуу жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен суроо-талаптар, сунуштар иштелип чыкты.

«Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» республикалык биринчи конференция президенттин катышуусунда Бишкек шаарында 27-28-февралда өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×