Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.11.2019 11:35 Жаңыланды: 26.11.2019 16:08 На русском

Мекендештер: Кировск шаарынын эли 29 жаштагы Жазгүлдүн көзү менен

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 29 жаштагы Жазгүл Турсунова. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган. Учурда Санкт-Петербург жана Ленинград облусуна караштуу Кировск шаарында эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2010-жылы турмушка чыккан.

«2011-жылы өзүм бүтүргөн мектепке мугалим болуп кирдим. Жолдошум дагы жогорку билимге ээ болсун деп, кыйналганыбызга карабай Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуду. Учурда бир уул, бир кызыбыз бар. Жолдошум оор басырыктуу, токтоо, балдарга мээримдүү ата, мени дайыма колдоп келет.

Кызыбыз М.Жусупов атындагы мектепте 1-класста окуйт. Ыр жана бийге, комуз чертүүгө кызыгат. Уулубуз 3 жашта. Мен Муса Жусупов атындагы мектепте 8 жылдан ашык эмгектендим», - дейт Жазгүл Турсунова.

Анын айтымында, учурда алар Россияда убактылуу иштеп жатышат.

«Учурда Кировск шаарында тоок фермада иштейбиз. Бул чакан шаар болсо дагы алда канча өнүккөн. Эли тынч, баары өзүнүн орду менен. Көчөдөн таштанды көрбөйсүң. Шаар тургундары кыргыз элин кедей калк деп эсептешкени мени таң калтырды. Кээде кесиптештерим менен талаша кетем. Чындыгында Кыргызстанда фабрика, завод, ишканалар көп болсо, жаштар жумуш орундары менен камсыз болушса, көптөгөн билимдүү жаштар өз мекенинде иштеп жүрүшпөйт беле. Бизге канчалык сын-пикир айтышса дагы сынбаганга аракет кылабыз. Мен бул жактын жаштарына таң калдым, улуу адамды сыйлоо деген түшүнүк жок экен. Мисалы, автобуста жаш кыз же балдар кары-картаңдарга орун бошотуп беришкенин көргөн жокмун.

Бир жолу коомдук транспортто жумушка бара жатсам улгайган аял кирип, менин жаныма туруп калды. Ордумдан туруп орун бошотуп берсем, «жок, отурбайм, мен жашмын» деп күлдүрдү.

Кировск шаарында убактылуу иштеп жатабыз. Кийин өз кесибим менен иштейм деп ойлойм. №11 жол тейлөө ишканасында иштеген жолдошумдун айлыгы 3-4 миң сом эле, ал эмнеге жетет? Ошондуктан бул жакта убактылуу эмгектенип жатабыз. Азыр балдарымды апам багып жатат. Эне күйүмдүү болот экен, менин эле эмес, инилеримдин балдарын дагы багууда. Менин бардык ийгиликтеримдин аркасында энем турат.

Үй-бүлөдө мен улуусумун, эки иним бар», - деди Жазгүл Турсунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×