Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.11.2019 19:00

Балыкчыда электрондук документ алмашуу системасын үйрөнүштү

Turmush -  Балыкчы шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана башка адистер электрондук документ алмашуу системасын үйрөнүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын алкагында иш кагаздарды электрондук жүгүртүү боюнча маалымат берилди. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Иргебаев иш-чара Аймактарды ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылына карата уюштурулганын билдирди.

«Окутуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ѳкүлчүлүгү жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулду. Мурдагы электрондук почта, факс аркылуу иш кагаздарды кабыл алуу жоюлуп, атайын адистер тарабынан сайт ишке киргизилип, электрондук документ алмашуу системасы орнотулат. Убакыт үнөмдөлүп, бардык документтер электрондук системада 100 жылга чейин архивде сакталат», - деди Б.Иргебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×