Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 23.11.2019 15:00

Тоңдо аймактарды өнүктүрүү боюнча экинчи улуттук конференцияны даярдоо максатында жыйын өттү

Turmush -  Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында «Кыргыз Республикасы: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аталышындагы экинчи конференцияны даярдоо максатында талкуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аймактык өнүгүү боюнча экинчи улуттук конференциясы үчүн ылайык темаларды даярдоо жана аймактарды өнүктүрүүнүн негизги маселелерин аныктоо боюнча чакырылган катышуучулардын ичинен 10 максаттуу жана фокус-топтор түзүлдү. Талкуунун жыйынтыгында суроолор жана сунуштар иштелип чыкты.

Жыйынга райондогу айыл өкмөт башчылар, жооптуу катчылар, жергиликтүү мекемелердин жетекчилери, фермерлер, консультанттар, ишкерлер, эксперттер, ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин «КР: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясы президенттин катышуусу менен Бишкек шаарында ушул жылдын 27-28-февралында өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×