Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.11.2019 11:00

Балыкчыда мугалимдер арасында өткөн манасиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Балыкчы шаарында мектеп жана орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдери арасында «Манастын урпактары – дени сак улут» аттуу сегизинчи манасиада өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, мугалимдер спорттун волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдешке түштү.

Жыйынтыгында волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду №22 кесиптик лицейи, 2-орунду №4 гимназия мектеби, 3-орунду балдар спорт мектеби ээледи. Айымдар арасында 1-орунду №4 гимназия, 2-орунду С.Каралаев атындагы мектеп, 3-орунду Ч.Айтматов атындагы мектеп алды.

Стол тенниси боюнча 1-орунду Манас атындагы мектеп, 2-орунду №4 гимназия мектеби, 3-орунду Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин командасы ээледи.

Шахмат оюнунда 1-орунду №4 гимназия, 2-орунду Л.Толстой атындагы мектеп, 3-орунду Ч.Айтматов атындагы мектеби жеңди. Тогуз коргоолдо 1-орунду К.Жакыпов атындагы мектеп, 2-орунду №4 гимназия мектеби, 3-орунду Л.Толстой атындагы мектеби багындырды.

Жалпы командалык эсепте 1-орунду №4 гимназия мектеби, 2-орунду Л.Толстой атындагы мектеби, 3-орунду Ч.Айтматов атындагы мектеби, 4-орунду Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин командасы жеңип, диплом, медаль, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×