Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.11.2019 15:54

Кыргызстандагы хоккейчи кыздардын алгачкы командасы колдоого муктаж. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бир жыл мурун хоккей боюнча кыздардын алгачкы командасы түзүлгөн. Учурда алар колдоого муктаж экенин машыктыруучу Саламат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, оюнчулардын формасы жоктугуна байланыштуу алар мелдештерге катыша албай келишет.

«Алгач команда 7 кыз менен түптөлгөн. Спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны өсүп, тайпа кеңейди. Учурда командада 19 өспүрүм кыз бар. Бирок Кыргызстанда өтө турган бир катар мелдештерге катыша албай жатабыз, ага форманын жоктугу себеп болууда.

Кыздар туруктуу машыгып, тыкан ойношот. Хоккей оюну үчүн формалар кымбат тургандыктан аны сатып берүүгө ата-энелердин мүмкүнчүлүгү жок болууда. Бул боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылганбыз. Азырынча жооп боло элек. Ал ортодо Латвиянын хоккейчилери өздөрүнүн формасын акысыз берүүгө макул болушкан. Бирок аны Латвиядан алып келүү үчүн жол киреге 1700 евро керек болуп, каражат таппай жатабыз. Командадагы 19 кыздын биринин эле формасы бар. Өлкөдө биринчи жолу түптөлгөн кыздардын командасына колдоо болсо, хоккейчилердин ийгилик жаратуусунда шек жок», - деди С.Абдрахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×