Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.11.2019 13:39

Чолпон-Атада балдардын укуктары талкууланды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейде 20-ноябрда «Балдардын укугу баарынан улук» аттуу иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Кубанычбек Шарипов, Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Салтанат Мукамбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чарада балдардын укуктарын коргоо, алардын билим алуусуна шарт түзүү, өз укуктарын билүү боюнча сабактарды уюштуруу жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөр талкууга алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×