Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.11.2019 22:11

Айыл турмушу: Чынара декреттик өргүүдө жаңы өнөр өздөштүрдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 26 жаштагы тургуну Чынара Акимкожоева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча эсепчи жана экономист.

«Буга чейин айылдагы почтада иштечүмүн. Декреттик өргүүгө чыкканда үйдө бош отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенип баштадым. Алгач интернет булактарынан карап, кийизден, кагаздан түрдүү гүлдөрдү жасаганды үйрөндүм. Буйрутма түшкөндөн кийин сата баштадым. Баасы 200 сомдон 600 сомго чейин.

Мындан тышкары кыздардын тырмактарын кооздоп берем. Буга чейин өзүм сулуулук салондорго барып жасатчумун. Кийин өзүм үйрөнүп алдым. Эми айылда сулуулук салон ачууну пландап жатам», - деди ал.

Чынара Акимкожоева бир кыз, эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×