Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 18.11.2019 19:20

Тоңдогу Төрт-Күл айылынын эли мечитти оңдоп жатат

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы мечиттин имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мечиттин айланасын курчоо, иретке келтирүү иштерине кеткен чыгымдарды мечиттин жамааты жана айыл тургундары каржылашкан.

«Мечитти оңдоп, жылуулук менен камсыздап, кышка даярдап жатабыз. Суу түтүгүн киргизип, ысык суу дагы чыгарабыз», - деп билдирди имам Таалайбек Букаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×