Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 16.11.2019 08:30

Балыкчыда жаштар ордо, тогуз коргоол оюндары боюнча мелдешке түштү (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында жаштар арасында ордо, тогуз коргоол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш дене тарбия жана спорт бөлүмү, консультативдик кеңеш жана балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулду.

Мелдешке Балыкчы шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жана №22 кесиптик лицейдин командалары катышты. Анда мектеп окуучулары, студенттер жана 28 жашка чейинки мугалимдер таймашты. Ордо оюнунда ар бир командада алты баладан болуп, жеңиш көп чүкө чыгарган командага ыйгарылды. Оюнга Бектур Бургеев калыстык кылды.

Иш-чаранын максаты жаштарды патриоттуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоо, ден соолугун чыңдоо, окуучулар арасында дене тарбияны жана спорттун улуттук оюндарын кеңири жайылтуу, өсүп келе жаткан жаш муундарга тарбия берүү жана жаман иштерден оолак болууга кам көрүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×