Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.11.2019 15:39 На русском

Видео — Балыкчыда жашыруун иштеген арак завод аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген завод аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери спирт кошулган суусундукту чыгаруу менен алектенген кылмыштуу топту аныктаган. Алар колго жасалган күмөндүү акциздик үлгүдөгү (Казакстан Республикасынын үлгүсү) арак продукциясын чыгаруу менен алектенгендиги белгилүү болгон. Продукция Оренбург облусунда чыгарылганы жана даярдоочу «Степные просторы» ЖЧКсы экендиги көрсөтүлгөн.

Тергөө-оперативдүү иштеринин жүрүшүндө Балыкчы шаарынын аймагында ири өлчөмдө алкоголдук продукция чыгаруу менен алектенген фабриканын ишмердүүлүгү аныкталган.

Өндүрүштүк ишкананын имаратын текшерүү учурунда даярдалган алкоголдук продукция, бош бөтөлкөлөр, Кыргызстан жана Казакстандын акциздик үлгүлөрү табылган. Тинтүү учурунда имаратта 20га жакын адам иштеп жатканы белгилүү болгон. Учурда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы бул иш боюнча текшерүү иштерин улантып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×