Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.11.2019 14:47

Балыкчыда «Илбирс жана Теӊир-Тоо» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Балыкчы шаарында «Илбирс жана Теӊир-Тоо» сынагы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, сынакка Тоӊ, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондорунан 13 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучуларынан турган командалар катышты. Сынак беш этапта, тактап айтканда саламдашуу, эмблеманы жактоо, илбирстин биология/экологиясы жана сактоо сунуштары, калыстар тобунан суроо, эркин номур (театралдык көрүнүштөр, фольклор, ыр жана бий, пантомима ж.б.), илбирстин быйтыкча сүрөттөрү жана калыстар тобунан командаларга суроолор берилди.

Бул сынакка Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы, Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борбору – Кыргызстандагы филиалы демөөрчү болду.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени Ак-Суу району, 1-орунду Жети-Өгүз, 2-орунду Ысык-Көл, 3-орунду Түп райондорунун командалары алышты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×