Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.11.2019 18:18

Ысык-Көлдө кичи автобустардын техникалык абалы текшерилди

Turmush -  Ысык-Көл районунда 13-ноябрда ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын техникалык абалын текшеришти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында Чолпон-Ата—Бишкек каттамындагы 3 маршруттук унаа, Каракол—Бишкек каттамындагы 5 кичи автобус рейске чыгуу укугунан ажыратылды.

«Кар жаап, жол тайгак болгондугуна карабастан айрым айдооочулар дөңгөлөктөрүн жана башка тетиктерин даярдашкан эмес. Мындай көрүнүш жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратат. Кырсыктардын алдын алуу максатында мындай текшерүүлөрдү күн сайын жүргүзүп жатабыз», - деп билдиришти жол көзөмөлдөөчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×