Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.11.2019 16:55

Чолпон-Атада «Ак куу» элдик ыр-бий ансамбли 40 жылдыгын белгиледи

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында «Ак куу» элдик ыр-бий ансамблинин 40 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарада ансамблдин уюштурулушуна салым кошкон адамдарга Ысык-Көл райондук администрациясынын ыраазычылык каттары тапшырылды. Өнөрпоздор тарабынан концерт тартууланды.

«Ак куу» элдик ыр-бий ансамбли 1979-жылы Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн алдында уюштурулган. Ага элүүдөн ашык чыгармачыл адам мүчө болду. Ансамбль түзүлгөндөн кийин жарым жылда облустук, республикалык сынактардын лауреаты болууга жетишкен.

Учурунда «Ак куу» ыр-бий ансамбли республика боюнча эң мыкты ансамбль деп табылып, өлкөдө өткөн маданий иш-чараларга активдүү катышкан. 1983-жылы Грузияда өткөн эл аралык фестивалга катышып, мактоо баракчасы менен сыйланган болчу. 1985-жылы июль айында Францияда өткөрүлгөн эл аралык фестивалда 1-орунду алып, жогорку сыйлыктарга ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×