Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.11.2019 14:14

Чолпон-Ата шаарында ата-бабалардын эрдиктери даңазаланды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, ата-бабалардын эрдиктери даңазаланды.

Ошондой эле Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар айтылып, мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын элесине багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×