Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.11.2019 13:15

Караколдогу 3 көчөгө белгилүү адамдардын ысымы берилди

Мэрия города Каракол
Мэрия города Каракол

Turmush -  Каракол шаарындагы 3 көчөгө жаңы ысымдар ыйгарылды, деп билдиришти шаардык кеңештен.

Маалым болгондой, Кузбаск жаңы конушунун бир көчөсүнө белгилүү актер Советбек Жумадыловдун ысымы ыйгарылды. Ошондой эле ушул эле жаңы конуштун экинчи көчөсүнө Балбай баатырдын аты берилди. Аны менен катар С.Абраимов жаңы конушунун бир көчөсүнө доцент Авен Майрыковдун ысымы ыйгарылды.

Кыргыз элинин легендарлуу актеру Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Театр жана кино актеру өзүнүн чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарган. Актер көпчүлүктүн эсинде «Биринчи мугалим» тасмасында Каимбайдын, «Акмөөрдө» Баякенин, «Акбаранын көз жашында» Бостондун образында калган. Ал 2001-жылы Бишкек шаарында 69 жашында каза болду.

Авен Майрыков 1941-жылы Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргызстан мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде билим алган. Көп жыл жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенди. 25 илимий иштин, окуу-методикалык колдонмолордун автору.

Балбай баатыр Эшкожо уулу (1813-1867) кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан баатырларынын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×