Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.11.2019 18:30

Караколдо катуу шамалдан турак жайы жабыркагандар акчалай жардам алышты

Turmush -  Каракол шаарында ушул жылдын 10-сентябрында болгон катуу шамалдан турак жайынын чатыры жабыркаган 14 адамга жардам берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, шаардык кеңештин кезектеги сессиясында жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жалпы 130 миң сом бөлүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин маалымдалгандай, шамалдан 49 үйдүн чатыры жабыркап, үйдүн ээлерине жардам катары 727 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралган. Алар акчалай жардамды 13-сентябрь күнү алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×