Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.11.2019 11:54

Балыкчыдагы жаштар борборуна жаңы жетекчи келди

Анарбек Эшимканов
Анарбек Эшимканов

Turmush -  Анарбек Эшимканов Балыкчы шаарындагы «Ордо» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, «Ордо» муниципалдык борбору мэриянын алдындагы жаштар менен иштөө багытындагы кызмат болуп саналат. Анын курамына шаардагы бир катар коомдук бирикмелер кирет.

Буга чейин борборду Эдил Токонбаев жетектеп келген.

Анарбек Эшимканов 1995-жылы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Учурда Балыкчы шаарында жашайт. Бишкек шаардык техникалык колледжинде программалык камсыздоо боюнча билим алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×