Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2019 09:38

Тегиз өнүгүүнү каалап, Тегизчил аталган айылдын тарыхы

Turmush -  Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагына караштуу Тегизчил айылынын 88 жаштагы тургуну Касым Коноев айылдын аталышынын келип чыгышы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, айылдын түзүлгөнүнө 100 жылдан ашык убакыт болду.

«Союздун орношу менен колхоз, совхоздор түзүлө баштаган. Ошол учурда айыл эли тегиз коммунизмди колдогон экен. Ошону менен бирге тегиз өнүгүүнү каалап, айыл Тегизчил деп аталган», - дейт ал.

Ошондой эле эл агартуунун отличниги К.Коноев: «Тегизчил айылы Кара-Жал айыл аймагынын борбору болуп эсептелет. Учурда 350дөй түтүн эл жашайт. Элеттиктердин басымдуу бөлүгү мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет», - деп кошумчалады.

Айылдын дагы бир тургуну Аскар Усуповдун айтымында, айылга алгач Кожош деген адам көчүп келип, байыр алган. Кожоштон 11 бала туулуп, учурда айылда кожош уруусунан тараган 11 уруу байыр алат.

«Алгач ата-бабаларыбыз айылга көчүп келгенде, элеттин орду жыш өскөн чий болгон экен. Ал чийлерди мал араласа, кээде атчан, төөчөн адамдын бою чыкпай көрүнбөй калчу экен. Чийлер тегиз жайкалып, бирдей узундукта өскөндүктөн элетти Тегизчий деп аташып, кийин Тегизчил аталып калган», - дейт ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×