Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.11.2019 08:20

Каракол шаарынын мэри 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчет берди

Turmush -  Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов 9 айдагы аткарылган иштер боюнча шаардык кеңештин депутаттарына отчет берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Мэрдин айтымында, быйыл салык чогултуу пландан ашык аткарылып, шаарда 9 жаңы ишкана ишке кирди. Ипотека алууга 203 адам арыз менен кайрылды.

«Инвестицияларды тартуу иштеринин негизинде шаардын сайты иштелип чыгып, Шапак баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрү капиталдык оңдоодон өттү. Мектепке спорт аянтча курулуп, шаардын кире берише 25 метр бийиктиктеги туу орнотулду. Туунун баасы 3 млн сом», - деди ал.

Шаар мэри ар бир муниципалдык мекемеде жүргүзүлгөн иштерге да токтолду. Депутаттар Каракол шаардык мүлктү башкаруу департаменти боюнча суроолорду беришти. Жыйынга жергиликтүү кеңештин 31 депутатынын ичинен 22 депутат катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×