Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.11.2019 22:45

Түптүн Кең-Суу айылында салынып жаткан кичи футбол аянтчасы ноябрда пайдаланууга берилет

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылында салынып жаткан кичи футбол аянтчасынын курулушу 50% аяктап калды. Бул тууралуу Кең-Суу айылынын башчысы Кубанычбек Шаршембаев билдирди.

Анын айтымында, 2 млн 600 миң сомдук аянтчанын курулушу 2019-жылы башталган.

«Өздүк салым 300 миң сом болуп, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 500 миң сом бөлүнгөн. Калган 1 млн 800 миң сомду республикалык дем берүүчү гранттан долбоор менен утуп алганбыз. Учурда бардык жумуштарды тендерден утуп ишкананын бригадасы аткарып жатат. Аянтчаны ноябрь айынын ичинде пайдаланууга беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×