Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.11.2019 16:15

Ак-Суунун эң алыскы Жыргалаң айылынын көчөлөрү толугу менен жарыктандырылды

Turmush -  Ак-Суу районунун эң алыскы Жыргалаң айылынын көчөлөрү толугу менен жарыктандырылды. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, айылдагы көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн республикалык бюджеттен 1 млн 150 миң сом каралган.

«Бизин айылдын бир эле көчөсү эмес, бүт айыл жарыктандырылды. Айылдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн аракеттерди жасап жатабыз. Анткени биздин айыл аймакта тоо туризими өнүгүүдө. Келген эс алуучулар айылыбыздын көркүнө суктанышса дейбиз. Анткени аларга жагымдуу маанай тартууласак кайрадан биздин айылга эс алууга келишет. Жыйынтыгында элибизге киреше түшүп, айылда жашоо жакшырат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×